“Кыргыз деңизи” санаторийи “Кыргызалтын Резорт” болуп өзгөрдү

“Кыргыз деңизи” санаторийин оңдоп-түзөөнүн биринчи этабы аяктагандан кийин “Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борбору катары ишке кирди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борборунун ачылышына катышты. 

Өткөн жылы бул объект тоо-кен тармагында эмгектенген кызматкерлердин эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруу максатында “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун (ААК) башкаруусуна өткөрүлүп берилген.

1975-жылы негизделген “Кыргыз деңизи” санаторийи өлкөнүн эң ири жана белгилүү ден соолукту чыңдоо жайларынын бири болуп келген. Бирок имараттардын жана инженердик коммуникациялардын узак мөөнөт пайдаланылышына байланыштуу объектти комплекстүү реконструкциялоо жана модернизациялоо зарылдыгы жаралган.

Модернизациялоодо башкы корпус, инженердик инфраструктура жана борбордун аймагы менен конок бөлмөлөрү заманбап талаптарга ылайык толугу менен оңдолуп, жаңы эмерек жана техникалар менен жабдылды. Ошондой эле узундугу 205 метрди түзгөн заманбап пирс ишке кирди, 2009-жылдан бери иштебей турган ачык бассейн пайдаланууга берилди. Спорт комплексинин курулушу уланууда. 

“Кыргыз деңизи” санаторийи “Кыргызалтын Резорт” болуп өзгөрдү
“Кыргыз деңизи” санаторийи “Кыргызалтын Резорт” болуп өзгөрдү
“Кыргыз деңизи” санаторийи “Кыргызалтын Резорт” болуп өзгөрдү
“Кыргыз деңизи” санаторийи “Кыргызалтын Резорт” болуп өзгөрдү
“Кыргыз деңизи” санаторийи “Кыргызалтын Резорт” болуп өзгөрдү
“Кыргыз деңизи” санаторийи “Кыргызалтын Резорт” болуп өзгөрдү

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты