Бишкекте жаңы автобус каттамдары киргизилип, эки багыттын жүрүшү өзгөрдү
- 1 месяц мурун
11-апрелден тартып Бишкекте жаңы №61, №45 жана №35 автобус каттамдары жүрө баштарын борбор шаардын мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, №61 автобус «Киркомстром – Көк-Жар» багыты боюнча жүрөт.№45 автобус каттамы айланма схема боюнча уюштурулган: «10-кичирайон – Алыкулов көчөсү – 7-Апрель көчөсү». Бул №35 каттамына карама-каршы багытта жүрөт. Аталган каттамдарда 12 метрлик заманбап, ISUZU үлгүсүндөгү, газ менен жүргөн жаңы автобустар тейлейт.
Ошондой эле бир катар каттамдарга өзгөртүүлөр киргизилгени айтылды.
№51 автобус каттамы эми «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунан Беш-Күңгөй айылына чейинки багыт боюнча жүрөт. Мурда бул каттам айланма жол менен жүрсө, эми автобустар Мыктыбек уулу Сарыбагыш, Карагул Ата, 7-Апрель, Курманжан-Датка жана Алма-Ата көчөлөрү аркылуу каттайт.
№9 автобус каттамы да жарым-жартылай өзгөртүлүп, эми автобустар Байтик баатыр көчөсүнүн ордуна Токомбаев жана Токтоналиев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

Сүрөт: bishkek.gov.kg