Талант Мамытов парламент спикерлигинен отставкага кетээрин жарыялады  

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламент төрагалыгынан өз ыктыяры менен отставкага кетээрин билдирди

-Мен өз ыктыярым менен төрагалыктан кетем. Бүгүнтөн баштап отставкага берем, -деди Талант Мамытов.  

Депутат Жанар Акаев парламент төрагасы өз ыктыяры менен кетип жатканын, ага эч ким ишенбестик көрсөтпөгөнүн, кыйын кырдаалда иштеп бергенин билдирди.

Депутат Балбак Түлөбаев да төрагага ыраазылык билдирди. «Төраганы шайлап, ынтымакка, мунасага келүү керек» деди.

Сүрөт: kenesh.kg


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты