Таймурас Ташиев суракка чакырылганы кабарланууда
- 5 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев суракка чакырылды.
Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына жеке булактар кабарлады.
Айрым маалымат каражаттары Таймурас Ташиевге кылмыш иши козголгонун жазышууда.
Ички иштер министрлиги расмий маалымат бере элек. Белгилей кетсек, жакында эле Мамлекеттик салык кызматы Ташиевдин жакындарына байланыштуу салыктык изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Видео Салык кызматынын Ютуб каналына жарыяланган.
Анда “Кыргызмунайгаз” мамлекеттик мшканасындагы ири коррупциялык схемага Ташиевдердин үй-бүлөсү катышканы айтылат.
Сүрөттө: Таймурас Ташиев. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




