“Түштө жумушуңарды бүтүрүп, кетишиңер керек”.  Депутат Кокулов вице-спикер Сыдыгалиевге  

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 11-июнда, депутат Эрулан Кокулов инклюзивдик билим берүүнү жакшыртуу, ага гранттык каражат бөлүү тууралуу маселе каралып жатканда, жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев менен кайым айтыша кетти.   

-Урматтуу Нурбек Өмүрбекович! Сиздерге менин “коллегалар” деген сөзүм жакпай калдыбы? Анан биз унчукпай эле отура берелиби? Экинчиден, сиздер, вице-спикерлер эмнеге шайланганыңарды унутуп калдыңарбы? Мен коллегалар десем эле ортого чыга каласыңар, коллегалар деп сүйлөбөгүлө деп. Мобу жерге өкмөт келет дагы, эмне деген гана сөздөрдү айтпайт бизге? Эмне ошондо сүйлөбөйсүңөр? Актуалдуу нерсени айтыш керек да, анан унчукпай отура берелиби, көпчүлүк добуш менен чечип алдык деп. Мына мен суроо беришим керек болчу. Бере албайм, анткени силер чындап эле көпсүңөр. Силердин тамаша сөзүңөр көп, жумушуңар да көп. Силер түштө жумушуңарды бүтүрүп туруп, кетишиңер керек, мен түшүнүп жатам. Мен сүйлөгөндө жакпаса, унчукпай, угуп эле отуруп бергиле. Силер сүйлөп жатканда мен угуп эле жатам. Кайталанып жатабы, кайталанбай элеби, биз суроолорду беришибиз керек. Ошон үчүн шайлаган силерди. Ошону унутпооңорду эле суранып жатам, -деди депутат Кокулов.

Жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев ага жооп кайтарды:

-Депутаттар суроолорун берип жатат. Биздин коллегабыз сунушун берди, сунуш өтүп кетти, анан эмне кылалы? Бул коллегиалдуу орган болгондон кийин көпчүлүк менен чечилет экен. (Залдан чыккан үнгө)  Эмне дейсиң?. бүтсүн… сүйлөшөбүз азыр, -деди вице спикер Сыдыгалиев.  

Бүгүн, 11-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында 2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча биргелешкен долбоору боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. 

Мыйзам долбоору менен Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова тааныштырды.

Долбоордун жалпы суммасы 25,25 млн АКШ долларын түзөт, пайыздык чен — 1,5 %, каржылоо мөөнөтү 25 жыл, анын ичинен 7 жыл жеңилдетилген мезгил.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар кредиттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу керектигин айтып, инклюзивдик билим берүүнү киргизүү үчүн системанын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө зарылдыгын белгилешти.

Алсак, депутат Гуля Кожокулова бул долбоордун алкагында мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча чаралар каралганына кызыкты. Буга баяндамачы долбоордо мугалимдерди даярдоо, окутуу жана тиешелүү экспертизаларды жүргүзүүгө каражат каралганын маалымдады.

Ал эми депутат Бактыбек Чойбеков 12 жылдык билим берүү системасына толук кандуу өтүү үчүн канча каражат талап кылынарын тактады. Надира Жусупбекова белгилегендей, билим берүү объекттерин реконструкциялоо жана куруу үчүн 25 млрд сом, ал эми мугалимдердин эмгек акысы үчүн 2 млрд сом керектелет.

Мындан тышкары, депутаттар мугалимдерди жеке ноутбук менен камсыз кылуу, мектептерди компьютерлештирүү, окуу-методикалык комплекстерди жана окуу программаларын жаңылоо маселелерине да токтолушту. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты