Түштүк Кореяда электрондук миграциялык карта киргизилди. ТИМ тапшыруу тартибин түшүндүрдү

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Корея Республикасына барууну пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына, 2025-жылдын февраль айынан тартып өлкө аймагында чет элдик жарандар үчүн электрондук миграциялык карталар (e-Arrival Card) тутуму ишке киргизилгенин маалымдады.

Бул система чет элдик жарандарга өлкөгө келерден мурда онлайн режиминде миграциялык картаны толтурууга мүмкүндүк берет. Кагаз түрүндөгү миграциялык картаны толтуруу мындан ары милдеттүү болбойт.

Бирок, өткөөл мезгил ичинде, 2025-жылдын декабрына чейин, чет элдик жарандар кагаз түрүндөгү миграциялык карталарды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Паспорттук көзөмөлдөн өтүү убактысын кыскартуу жана ыңгайлуулук үчүн электрондук система аркылуу каттоодон өтүү сунушталат.

Электрондук миграциялык картаны тапшыруу тартиби

Миграциялык картаны расмий веб-сайт аркылуу толтурууга болот: https://e-arrivalcard.go.kr
Электрондук картаны Корея Республикасына барууга чейин үч күндүн ичинде тапшыруу зарыл. Арыз төмөнкү мөөнөттөрдө берилиши мүмкүн:
∙    Баруу күнү;
∙    Барууга бир күн калганда;
∙    Барууга эки күн калганда.

Эгерде миграциялык карта берилгенден кийин 72 сааттын ичинде өлкөгө кирүү ишке ашпаса, карта автоматтык түрдө жокко чыгарылат жана аны кайрадан толтуруу талап кылынат.

Керектүү маалыматтар

Электрондук миграциялык картаны толтурууда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү зарыл:

∙    Паспорттук маалыматтар;
∙    Баруу максаты жана сапардын маалыматы;
∙    Байланыш маалыматтары (анын ичинде электрондук почта дареги);
∙    Корея Республикасында убактылуу жашай турган дарек.

Өзгөчө категориялар
∙    14 жашка чейинки балдар үчүн картаны ата-эне же коштоп жүргөн адам толтурат.
∙    Жамааттык саякаттар үчүн топтук арыз берүү мүмкүн.

Кошумча маалымат

Электрондук миграциялык картаны толтуруунун тартиби жана карта тапшыруудан бошотулган жарандардын категориялары жөнүндө толук маалымат e-Arrival Card расмий сайтында берилген. Ошондой эле, Корея Республикасынын миграция кызматынын жана юстиция министрлигинин веб-сайттарынан кошумча маалымат алууга болот.

Министрлик Кыргызстандын жарандарына Корея Республикасына сапарга чыгууга даярдык көрүүдө бул жаңы талаптарды эске алууну жана мыйзамдарды сактоону сунуштайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты