Түркмөнстанда сакалчан жана мечитке барган эркектер куугунтукталууда

  • 2 года мурун

Түркмөнстандын айрым аймактарында бийлик сакал койгон жана мечитке барган эркектердин изине кайрадан түшүүдө. Ушул тапта Түркмөнбашы шаарында Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери сакалчан кишилерге байланыштуу рейд өткөрүүдө.

Кармалгандар полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, ал жерде сакалдарын алууга мажбурланууда. Бюджеттик мекеме-ишканаларда мечиттерге барып намаз окууга оозеки түрдө тыюу салынды. Буйрукту аткарбагандар иштен кетирилиши мүмкүн. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бийлик бул көрүнүш боюнча түшүндүрмө берген жок. Бирок 1,5 сантиметрден узун сакал койгон кишилер диний экстремизмге шектелиши ыктымал экенин эскертишкен.

«Полиция бөлүмдөрүндө эркектер күн сайын сакалдарын алып жүрүү жөнүндө тилкат жазып берип, Куран кармап ант берүүгө мажбурланууда» деди түркмөнабаддык жашоочулардын бири.

Түркмөнстан көп жылдардан бери АКШнын мамлекеттик департаменти түзгөн диний эркиндиктин тизмесинде «өзгөчө кабатырлануунун жараткан» өлкөлөрдүн катарында болуп келет.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты