Борбор Азия – АКШ: B5+1 экинчи бизнес форуму Бишкекте өтөт
- 2 недели мурун
4-5-февралда Бишкек шаарында“Бизнес (B)5+1” экинчи бизнес форуму өткөрүлөт.Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды
Министрлер кабинети менен бирге уюштурулган бул жогорку деңгээлдеги иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын бизнес лидерлери менен өкмөттөрүнүн ортосундагы диалог үчүн негизги аянтча болуп калууга багытталган.
Анын негизги максаты – аймактык экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана мамлекеттик жана жеке сектордун ортосундагы диалогду өнүктүрүү.
Форумдун алгылыктуу багыттары айыл чарба, банк жана финансы иштери, маанилүү минералдык ресурстар, электрондук коммерция жана маалыматтык технологиялар, транспорт, логистика жана туризм болмокчу.
B5+1 биринчи форуму – 2024-жылдын 14-15-мартында Алматы шаарында өткөрүлүп, анда он өлкөнүн 250дөн ашуун кызыкдар тараптарын жана бизнес өкүлдөрүн чогулткан.
В5+1 форуму – Борбор Азиянын беш өлкөсү Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттарын бириктирген “С5+1” дипломатиялык платформанын бизнес аналогу болуп саналат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




