Касымалиев менен Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов жолугушту
- 3 недели мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Эки тараптуу жолугушуу МинКаб төрагасынын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында өттү.
Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




