Түркмөнстанда президенттикке Сердар Бердымухамедовдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Түркмөнстанда Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердардын талапкерлиги мамлекет башчысы кызматына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Salamnews_rus кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечим Түркмөнстандын демократиялык партиясынын кезексиз курултайында кабыл алынды. Буга чейин бул партия талапкерлигин сунуштаган Гурбангулы Бердымухамедов үч жолу өлкө президенти болуп шайланган.

Түркмөнстандын президенти 11-февралдагы Элдик Кеңештин кезексиз жыйынында «жаш лидерлерге мамлекеттик башкарууга жол берүү ниетин» айтып, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин кыйыткан. Мунун артынан эле 12-февралда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрөрүн билдирип, аны 12-мартка белгилеген.

Сердар Бердымухамедов былтыр сентябрда 40 жашка чыккан. Туура бир жыл мурун, 2021-жылдын 11-февралында Сердардын саясий карьерасы тездик менен өсүп, атасы аны бир эле учурда экономиканы караган вице-премьерликке жана өкмөттөгү маанилүү башка дагы бир топ кызматтарга дайындаган.

Гурбангулы Бердымухамедов президенттик кызматка 2006-жылы шайланган. Ага чейин өлкөнү Сапармурат Ниязов башкарып келген. Эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстан 1991-жылы СССРден көз карандысыздык алгандан бери өлкөдө эркин жана таза шайлоо өтпөгөнүн билдирип келишет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты