Түркмөнстанда БУУ конференциясында Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өлкөлөр көйгөйүн көтөрдү
- 11 месяцев мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун үчүнчү конференциясынын ачылышында деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан 32 өлкө тобунун атынан сөз сүйлөдү.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
Маалыматта айтылгандай, Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өлкөлөр, географиялык обочолонуу, транспорттук жана соодалык жогорку чыгымдар, экономикалык диверсификациянын чектелгендиги, инвестициялардын жана каржылоонун жетишсиздиги сыяктуу окшош көйгөйлөрдү баштан кечирип жатканын белгиледи.
МинКаб башчысы бул көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн 2001-жылы БУУнун көмөгү менен деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тобу түзүлгөнүн эске салып, Вена жана Алматы иш аракеттер программаларын ишке ашыруунун жүрүшүндө транзиттик кошуналар менен ченемдик жана келишимдик базаны түзүүдө, соода процедураларын жакшыртууда, санариптештирүүнү киргизүүдө олуттуу жылыштар бар экенине токтолуп, бирок коюлган максаттар толук кандуу ишке ашпай калганын моюнга алуу керектигин белгиледи.
«Эки он жылдыктын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр айкын болду: көрүлгөн аракеттерге карабастан, деңизге чыга албаган өлкөлөр эл аралык экономиканын чет жакасында калууда. Ошол эле учурда, биз бул жерге, Каспий деңизинин жээгиндеги Авазага, биргелешкен ишмердүүлүгүбүздүн жыйынтыгын чыгаруу үчүн гана эмес, ошондой эле туруктуу, өз ара байланышкан жана инклюзивдүү келечекке биргелешкен жолду белгилөө үчүн чогулдук. Буга байланыштуу, 2024–2034-жылдарга карата Аваза иш-аракеттер программасы – бул мурунку каталарды оңдоо, өткөн эки он жылдыктын сабактарын эске алуу жана деңизге чыга албаган өлкөлөргө географиялык чектөөлөрдү жеңүүгө гана эмес, ошондой эле глобалдык өсүштүн толук кандуу катышуучулары болууга мүмкүндүк берүүчү туруктуу өнүгүү планын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү. Жаңы иш-аракеттер программасы бизге стратегиялык, максаттуу жана натыйжага багытталган жол картасын берет»-деди ал.
Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өлкөлөрдү өнүктүрүүдө, өнөктөштөрдү каржылык колдоо көрсөтүүгө гана эмес, билим берүү, техникалык жардам көрсөтүү жана инвестициялык кепилдиктерди берүүгө чакырды.
Сүрөт: gov.kg




