Түркмөнстан: Конституция күнүнүн алдында Ашхабаддан ички мигранттар чыгарылууда

  • 2 месяца мурун

Түркмөнстанда Конституция жана Мамлекеттик туу күндөрүнүн, ошондой эле акын Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата уюштурулган маданий ишчаралардын алдында Ашхабаддан ички мирганттар чыгарылууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, ошол эле маалда майрамдык иш-чараларга катыштыруу үчүн аймактардан бюджетте иштеген кызматкерлер баш калаага жөнөтүлүүдө.

«Аталган даталарга байланыштуу өтө турган иш-чараларга катыштыруу үчүн өлкөнүн батыш аймактарынан Ашхабадга бюджетте иштеген 500гө жакын адам жөнөтүлдү. Ошол эле маалда аймактардан келген ички мигранттар шаардан чыгарылып, өздөрүнүн кичи мекендерине жеткирилүүдө» деди кабарчы.

Түркмөнстанда Конституция жана Мамлекеттик туу күнү 18-майда белгиленет. Бул күнү бардык мамлекеттик мекемелер үчүн эс алуу күнү болуп эсептелет.

Ашхабад полициясы ички мигранттарга каршы рейддерди өткөн жума күнү, 10-майда баштаган.

«Полиция кызматкерлери бардык курулуш аянттарын кыдырып, ички мигранттарды кармап, кичи мекендерине жөнөтүп жатат. Ашхабад шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү», — деди кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, полиция кызматкерлери ички мигранттар «борбор шаардын көрүнүшүн бузуп жатат» деп эсептешүүдө.

«Бийлик Ашхабадда өтө турган эл аралык маданий иш-чаралардын фонунда ички мигранттарды чет өлкөлүк меймандардын көзүнө көрсөтпөөнү каалап жатат. Полиция кызматкерлери кармалгандарга алар «өлкөнүн образын бузуп жатканын айтууда» деди жакында эле Ашхабаддан чыгарылган тургундардын бири.

Ашхабадда 18-майда Конституция жана Мамлекеттик туу күндөрүнө карата майрамдык иш-чаралар өтөт. Мындан тышкары 17-майда «Махтумкули Фраги» маданий-эс алуу комплексинин ачылуу аземи болот. Ошондой эле 25-майда Түркмөнстанда Ашхабад шаарынын күнү белгиленет.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты