Түркмөн чек арачылары менен «Талибан» жоочуларынын ортосунда атышуу болду

  • 2 года мурун

3-январда түркмөн-ооган чек арасында Түркмөнстандын чек арачылары менен «Талибан» кыймылынын жоочуларынын ортосунда куралдуу кагылышуу болду.

Ракеталарды колдонуу менен атышуу болгонун дүйшөмбү күнү Ооганстандын Жаузжан провинциясындагы Хамяп районунун тургундары билдиришти.

Кийинчерээк бул маалыматты ооган ЖМКлары ырасташты. TOLOnews басылмасы талибдердин жергиликтүү бийлигине шилтеме кылып, атышууга түркмөн чек арачыларынын «Талибандын» жоочуларын көздөй ок чыгаруусу себеп болгонун кабарлады. Маалыматка караганда, алар аймакка түркмөн чек арачылары атып өлтүргөн деп болжолдонуп жаткан жергиликтүү тургундун өлүмүн иликтөө үчүн барышкан.

ТАСС агенттиги Ооганстандагы Hasht-e subh гезити менен байланышка чыккан Жаузжан аймагынын Маалымат жана маданият башкармалыгынын башчысы Хиляль Балхинин айткандарына таянып, талибдер түркмөн чек арачыларынын аракетине жооп бергенин кабарлады.

«Үч күн мурда түркмөн чек арачылары жергиликтүү бир тургунду өлтүрүп, дагы бирөөнү сабашкан. Окуяны иликтөө үчүн барган «Талибандын» өкүлдөрү түркмөн чек арачыларынын бул аракетине жооп катары ок чыгарган», — деген Балхи.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, чек арадагы атышуу бир нече саатка созулган. «Талибандын» жоочулары Түркмөнстанды көздөй бир нече ракета учурушту», — деп билдиришти алар.

Эки тарап тең бул чек ара кагылышуусунда жоготуулар болгон-болбогону боюнча маалымат беришкен жок.

Түркмөнстандын өкмөтү азырынча түркмөн-ооган чек арасындагы атышуу боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

29-декабрда Хамяп районунун тургунудары каза болгон киши Абдулкерим аттуу этникалык түркмөн болгонун, аны түркмөнстандык чек арачылар атып өлтүрүшкөнүн билдиришкен.

Бул 2021-жылы августта Ооганстанда бийликке «Талибан» кыймылы келгенден бери түркмөн чек арачылары менен талибдердин ортосунда болгон алгачкы түздөн-түз кагылышуу болуп калды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты