Түркиянын зилзаладан жабыркаган жерлеринен 8 кыргызстандык коопсуз жайга жеткирилди

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы зилзалага байланыштуу жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, азыркы учурда Кыргызстандын элчилиги жана консулдук Анталья жана Стамбул шаарларында Түркиянын бийлиги менен бирдикте жабыркаган кыргызстандыктарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Кыргыз дипломаттары кыргызстандык активист-студенттер менен бирге жер титирөөдөн жабыркаган провинцияларда болуп, жардамга муктаж мекендештерге кол сунууда.

Адана, Кахраманмараш жана Османийе шаарларынан кыргызстандык 8 киши, анын ичинде эки жаш бала жана кош бойлуу  коопсуз жайга жеткирилди.  Убактылуу жайларда баш паанек кылган мекендештерге  тамак-аш, жылуу кийим берилди. Кырсык болгонжерлерде байланыш, Интернет жана электр жарыгы жок техникалык көйгөйлөр болууда.  Анкара жана Стамбул шаарларында Кыргызстандын жана Түркиянын жарандарына гуманитардык жардам берилүүдө. Газиантеп провинциясында куткаруучулар ишке киришти.

Сүрөт:: General Directorate of State Hydraulic Works of Turkiye / Handout / Anadolu Agency

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты