Түркияда мурдагы жолдошу сабады деген кыргыз жараны тууралуу маалыматтарга ТИМ жооп берди

  • 7 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын Э.Э. аттуу жаранынын мурдагы жолдошу — Түркия жараны тарабынан сабалганы тууралуу социалдык тармактарда жарыяланган маалыматка байланыштуу министрлик билдирүү таратты.

Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы башкы консулдугунун маалыматы боюнча, 2022-жылдын декабрында кыргызстандык Э.Э. менен түркиялык М.Д. ажырашып кеткен. Соттун чечими негизинде алардын баласы энесинде калган.

Маалыматта айтылгандай, май айынын аягында башкы консулдук тарабынан Э.Э. нин маселелерин чечүү үчүн адвокат менен жолугушуу уюштурулган. Ошондой эле анын баласы менен (Түркиянын жараны) Кыргызстанга баруу маселеси боюнча керектүү консультациялар берилген.

Э.Э. маалымдагандай, Түркиянын сот органы тарабынан алимент төлөө маселеси каралып жаткандыктан, ал сот процесси аяктаганга чейин Түркияда калууну көздөгөн.

21-сентябрда Э.Э. эжеси Д.Э. менен башкы консулдукка кайрылган. Жогоруда аталган жарандын маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн башкы консулдук тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды колдоо фонду менен Э.Э.ге жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилген. Бирок ал белгисиз себептерден улам жардам алуу үчүн аталган фондго кайрылган эмес.

Маалыматта консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иштерди КРнын Антальядагы башкы консулдугу жүргүзүп, маселени көзөмөлдөөрү да белгиленди. .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты