Түркияда үй-бүлөдө зомбулукка кабылган КР жараны баласы менен Кыргызстанга кайтып келди
- 1 год мурун
Түркияда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Кыргыз Республикасынын жараны Г.К. баласы менен Кыргызстанга аман-эсен кайтып келди.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.
Г.К. аттуу кыргыз жаранын 2025-жылы январь айында күйөөсү, Түркиянын жараны сабап койгондугу кыргыз жергесинде талкууга алынган.
Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы башкы консулдугуна жана аялдын укугун коргоого, Мекенине кайтып келүүгө көмөк көрсөткөндөрдүн баарына ыраазылык билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




