Түркия Украинага С-400 комплексин берүүдөн баш тартты

  • 12 месяцев мурун

Анкара Орусиядан сатып алган С-400 абадан коргонуу системаларын Украинага өткөрүп берүү боюнча АКШнын өтүнүчүн орундатуудан баш тартты.

Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди.

Түркия 2017-жылы Орусиядан абадан коргонуу системаларын сатып алуу боюнча 2,5 миллиард долларга бааланган келишимге кол койгон. 2019-жылы Анкара анын биринчи топтомун алган. АКШ бул келишимге каршылык көрсөтүп, Дональд Трамптын администрациясы Түркияга санкция киргизген. АКШ муну менен катар Түркияны жаңы муундагы F-35 согуштук учактарын өндүрүү программасынан чыгарып таштаган.

Вашингтон Түркия ушуга чейин алган ракеталык системаларын Украинага берсе, Анкарага салынган санкциялар алынарын убада кылган.

14-майда Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоолор өтөт. Шайлоодо президент Режеп Тайып Эрдогандын утулуп калышы ыктымал деген божомолдор айтылууда. Ал Украина согушунда Москва менен Киевдин ортосунда ортомчулук кылууга даяр экенин бир нече жолу билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты