Түркия-Кыргызстан: Бир катар документтерге кол коюлду
- 1 месяц мурун
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 5-ноябрда, бир катар документтерге кол коюлду.
Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык мамилелерин жалпы камтуучу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгаруу жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги менен Түркия Республикасынын энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы энергетика, энергиялык майнаптуулук жана энергияны үнөмдөө тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги менен Түркия Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу жөнүндө протокол, Министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасына болгон мамлекеттик тышкы карызын кечүү жөнүндө макулдашуу, Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги менен “Орто Азиялык инвестициялык Холдинг” ААКнын ортосундагы гидроэлектрстанцияларды куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө алкактык макулдашуу жана башка документтер кабыл алынды.
Бүгүн, 5-ноябрда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 4-ноябрда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Түркиянын лидерин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
6-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.
Сүрөт: president.kg