Түркия Ирактын түндүгүндө аскердик чабуулун баштады

  • 2 года мурун

Түрк армиясы дүйшөмбүгө караган түнү Ирактын түндүгүндө күрд жумушчу партиясынын жоочуларына каршы жаңы жортуулун баштаганын Түркиянын коргоо министри кабарлады.

Министрликтин сайтында жайгаштырылган видеодо түрк коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын аскердик учактары жана артиллериясы Күрд жумушчу партиясына таандык объектилерге сокку урганын айткан.

Акардын ырасташынча, түрк авиациясы коргонуучу жайларды, бункерлерди, үңкүрлөрдү, өтмөктөрдү, ок-дары кампаларын жана партияга таандык штаб-квартираларды ийгиликтүү түрдө зыянга учураткан.

Ал операцияга канча аскер жана учак тартылганын маалымдаган жок. Ирактын түндүгүндө базалары бар күрд куралдуу топтору бул боюнча комментарий бере элек.

Акыркы он жылдан бери түрк күчтөрү күрд жумушчу партиясына каршы көптөгөн чабуулдарды өткөрдү. Түркиянын коргоо министри акыркы операция Ирактын үч районун: Метин, Зап жана Авашин-Басъянды камтыганын белгиледи.

1984-жылы күрд жумушчу партиясы Түркиянын түштүк-чыгышындагы күрддөр басымдуулук кылган аймактарында козголоңчул аракеттерин баштагандан бери он миндеген киши өлдү. Күрд жумушчу партиясы Түркияда, АКШда жана бир катар Европа өлкөлөрүндө террордук уюм катары таанылган.

Сүрөт: ARP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты