Түркия ИИМинин жанында жанкечти өзүн жардырды

  • 7 месяцев мурун

1-октябрда эртең менен Анкара шаарында Түркиянын Ички иштер министрлигине (ИИМ) жакын жерде жанкечти өзүн жардырды.

ИИМдин маалыматына караганда, жанкечти жарылуу болгондо каза болуп, полиция анын жанындагы шеригин атып өлтүрдү. Министр бул окуяны теракт аракети деп мүнөздөдү.

Haberturk басылмасы ИИМдин алдына автоунаа менен эки адам келип, жардырууну ишке ашырганын кабарлады. Окуяда эки полиция кызматкери жараат алды.

Ички иштер министрлигинин жанында Түркия парламентинин имараты жайгашкан. Депутаттардын жайкы каникулдан кийинки биринчи жыйыны 1-октябрда башталмак. Болжолдуу маалыматтарга караганда, террорчулар деп мүнөздөлгөн кишилер парламенттин жыйыны башталар алдында, депутаттарды бутага алууну көздөшкөн.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты