Төрага Тургунбек уулу «Бишкекте ыш жок, шаар бийлигине рахмат айтышыбыз керек» деди. Бирок ыш жоюлган жок
- 3 недели мурун
- Баяндар
Бүгүн, 22-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурун Аманова Бишкектеги ыш маселесин көтөргөндө, төрага Нурланбек Тургунбек уулу быйылкы кышта Бишкекте ыш жок экенин, шаар бийлигине рахмат айтуу керектигин билдирди.
— Ал эми смог боюнча айта турган болсок, урматтуу депутаттар, урматтуу кыргызстандыктар, борбор шаардын тургундары жана коноктору! Ачык айтыш керек, биринчи жолу быйылкы кышта смог бир нече ирет күндөлүк өлчөөлөрдүн негизинде, Бишкек шаары жашыл аймакка өттү, жылдагыдай, демейдегидей ыш жок. Смогду, анын кесепеттерин жоюу боюнча изилдеп, аныктап, шаар бийлиги абдан жакшы иш алып барды, жылдагыдай смог жок. Барып көрүп жатабыз аракеттерин. Азыр бийлик ар кайсы ыкмаларды колдонуп, ошонун негизинде шаарды тазартуу боюнча иштеп жатат. Бул жагынан шаар бийлигине рахмат айтышыбыз керек. Жакшы деп айтып үйрөнүшүбүз керек. Бул абал сезилерлик деңгээлде жоюлуп кеткен жок, көйгөй бар, бирок жылдагыдай ыш жок,-деп билдирди төрага Нурланбек Тургунбек уулу.
Бүгүн, 22-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурун Аманова Бишкек шаарындагы ыш боюнча маселе көтөрдү.
-Өткөндө көчмө жыйын болгондо деле бул маселе көтөрүлгөн. Шаарда 100дөн ашык конуш бар экен, ошол конуштарды газдаштыруу керек. Алардын 54ү гана газдаштырылган экен. Ал жерде мен энергетика министрлигинин өкүлүнө суроо бергем, бирок жооп бере алган жок. “Газпром” Кыргызстан конуштарды газдаштырып берүүгө милдеттенме алган, бирок ушул убакка чейин араң жарымына жетиптир. Эмнеге газдаштырылбай жатат, эмнеге биз, шаардын тургундары, ушундай ышта жашашыбыз керек? Буга чейин бул маселени коллегалар деле көтөрүп келе жатат, мен деле көтөргүм келет, себеби Бишкек шаарыбызда,-деди депутат Бурун Аманова.
Буга Жогорку Кеңештин төрагасынын жообун жогоруда бердик.
Ошол эле Газпромго тиешелүү маселе, менин Кадамжай округумда газ канча күндөн бери берилбей келет. Ошол маселени айтып кетким келет, себеби шайлоочулар күнүгө кайрылышат, -деди депутат Бурун Аманова.
Ал эми Кадамжайдагы газдын берилбей жатышына “Газпром” Кыргызтандын тиешеси жок экенин, аны “Бишкекнефтегаз” тейлээрин билдирди.
Төрага Тургунбек уулунун Бишкекте быйылкы кышта биринчи жолу ыш жоголду, көрсөткүчтөр бир нече жолу жашыл зонанын көрсөттү дегени чындыкка жатпайт.
2025-жылы 19-декабрда саат 22:48ке карата Бишкек дүйнөдөгү абасы таза эмес шаарлардын рейтингинде он шаардын ичинен алтынчысы болду. Ал эми 20-декабрга караган түнү саат 1:39га карата Бишкек дүйнөдө абасы булганыч шаарлардын сап башында турду. Бул тууралуу абанын сапатын көрсөтүүчү iqair.com сайтында маалымдалды.
Бишкек шаарында саат 22:48де AQI⁺ 194 болуп, аба булганыч деп табылды. Абасы булганыч шаарлардын сап башында Дели, Лахор, Калькутта, Манама, Ченду шаарлары, андан кийин Бишкек болду.
Ал эми 20-декабрга караган түнү саат 1:39га карата Бишкек дүйнөдө абасы булганыч шаарлардын сап башында турду.
Ал эми бъгън, 22-январда, саат 13:50гө карата Бишкек абасы дүйнөдөгү абасы булганыч 100 өлкөнүн 17-болду.

Баш сүрөттө: Тургунбек уулу. kenesh.kg





