Төрага Тургунбек уулу: «Арабанын алдына чыгып чуркабагыла. Парламентти таркатууну жалпы депутаттар чечет»
- 10 месяцев мурун
- Баяндар
Бүгүн, 17-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын өзүн-өзү таркатуу сунушу тууралуу маалымат берди. Төрага парламенттин өзү өзү таркатуу сунушун колдой турганын билдирди.
-Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешти, аракеттеги парламентти таркатууга эч бир сырткы күчтүн, же президенттин, же аткаруу бийлигинин мыйзам боюнча укугу жок. Парламент өзүн өзү гана тарката алат. Бүгүнкү күндө парламентте жүйөөлүү себеп менен, негиздерди келтирип, атайын демилге тобу түзүлүп, демилге тобу менин дарегиме төрага катары кайрылуу беришти. 32 депутат кол койгон. Мен ал кайрылууну алгандан кийин бардык процедуралардын негизинде тапшырмаларды берип, иш жүрүп жатат. Мен демилгечи топтун жүйөлөрүн, негиздерин окуп чыктым, жүйөлөр негиздүү,- деди төрага Нурланбек Тургунбек уулу.
Ошондой эле төрага коомчулукта «кычаштырган» сөздөрдү айтып жаткандарга мындайча жооп берди:
-Өзүңүздөр билесиздер, 2027-жылы январь айында биз президенттик шайлоонун датасын бекиткенбиз, январь айынын айыркы жекшембиси деп. Андыктан биздин кезектеги шайлоо эмдиги жылы, 2026-жылы ноябрь айында өтүшү керек болчу. Бирок биз парламенттик шайлоо ноябрдын аягында өтө турган болсо, август айында президенттин жарлыгы чыгыш керек. Андан тышкары президенттик шайлоо январь айында өтө турган болгондуктан, биз октябрь айында парламент президенттик датаны бекитип беришибиз керек. Ошондо практикалык негизде караганда, эки шайлоо параллель өтөт экен. Мындай эки чоң шайлоону биринин артынан бирин өткөрүш саясий жактан да, экономикалык жактан да бир топ маселе жаратат. Андыктан бул абдан негиздүү деп ойлойм.
Экинчиси — башкы шайлоо өткөрө турган орган — Борбордук шайлоо комиссиясы да негиздеп жатат, техникалык жактан да, физикалык жактан да бул оор маселе болот. Андыктан, биз же президенттик шайлоону, же парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүшүбүз негиздүү болмок. Андыктан парламенттик демилгечи топ парламентти кезексиз шайлоону демилгелеп чыкты. Бул туура деп ойлойм. Андыктан коомчулукта бүгүнкү күнү парламентке сын пикирлерди айтып жатат. Жооп катары айтып коет элем, бардыгы эрте, процедура аягына чыгыш керек, муну парламент чечет, Жогорку Кеңеште каралат, депутаттар чечет. Арабанын алдына түшүп алып чуркаган негизсиз деп ойлойм. Кээ бирөөлөр парламентти таркатууну демилгелеген депутаттардын шайлоого барууга моралдык укугу болобу деп айтып жатышат. Бузук ой менен, өлкөнүн тынчтыгын ойлобой, кычаштырган сөздөрдү айтуу бу акылга сыйбайт. Бардыгыңыздар шайлоого катышыңыздар. Шайлоодо 500 добуш албаган саясатчы сөрөйлөр сындап отурушат,-деди төрага Нурланбек Тургунбек уулу.
Сүрөт: kenesh.kg




