Төрага парламентти таркатуу маселеси президент менен талкууланганын айтты

  • 8 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин өзүн-өзү таркатуу чечимине байланыштуу президент Садыр Жапаров менен алдын ала кеңешкенин билдирди. Бул тууралуу ал журналист Ыдырыс Исаковдун YouTube каналына курган маегинде айткан.

“Мен президент менен кеңештим. Президент “Мен бардыгына даярмын. Президенттик десеңер президенттик, парламенттик десеңер парламенттик шайлоо өткөрөлү. Айткан жүйөөңөр туура. Өзүңөр чечкиле” деди. Биз президент жакшы иштеп жатат, экономикада өсүш бар. Президент аткаруу бийлигинин, мамлекеттин башында турат, ыргакты бузуп албайлы дедик. Президентке ыргакты бузуп албай, парламенттик эле шайлоону өткөрөлү деп айттым”, — деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Төрага өлкө башчысынын ишин оң баалап, учурдагы экономикалык ыргакты бузбай, парламенттик шайлоо өткөрүүнү туура көргөнүн белгиледи.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 25-сентябрында өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты