Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Түркияга расмий сапар менен барат

  • 1 месяц мурун

9-11-февраль күндөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен расмий сапар менен барат.

Нурланбек Тургунбек уулу Улуттук улуу жыйынынын Ттрагасы Нуман Куртулмуш менен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, алакаларды арттыруу багытында пикир алмашат. 

Өткөн жылдын апрель айында Нуман Куртулмуш дагы Кыргызстанга расмий сапар менен келип, парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган. 

Ал эми Түркияга төрага Нурланбек Тургунбек уулун депутаттар Алишер Козуев, Кундузбек Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев, Эльдар Сулайманов, Гүлай Машрапова жана Эльвира Сурабалдиева коштоп барат. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты