Түптүн Ак-Булуң айылында Токтогон Алтыбасаровага эстелик коюлду  

  • 2 месяца мурун

9-июнда Түп районунун Ак-Булуң айылында Токтогон Алтыбасаровага арналган тарыхый экспозиция ачылды.

Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Түп районунун Ак-Булуң айылында өткөн иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Орусиядагы элчилик өкүлдөрү, коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.

Иш-чаранын башталышында Токтогон Алтыбасарованын эстелигинин ачылышы болуп, гүлчамбарлар коюлуп, бир мүнөт эскерилип, куран окулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Улуу ата мекендик согуш жылдарындагы Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы өз камкордугуна алган Токтогон Алтыбасарованын эмгегин баса белгиледи.

Иш-чара концерттик программа менен аяктады.

Түптүн Ак-Булуң айылында Токтогон Алтыбасаровага эстелик коюлду  
Түптүн Ак-Булуң айылында Токтогон Алтыбасаровага эстелик коюлду  

Сүрөттөр: Коргоо министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты