Түндүк Македонияда түнкү клубдагы өрттүн кесепетинен 59 киши каза болду

  • 1 месяц мурун

16-мартка караган түнү Түндүк Македониянын Кочани шаарындагы түнкү клубдан өрт чыгып, 59 киши каза тапты, 100дөн ашык киши жабыркады. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Өрт Pulse клубундагы концертте пиротехниканы пайдалануудан кийин тутанган. Учкундар шыпка тийип, өрт чыккан.

AFP билдиргендей, өлкөнүн ички иштер министри Панче Тошковскинин айтуусу боюнча, клубда өрт өчүрүү системасы иштеген, бирок имарат ичинде өрт тутанып, коюу түтүнгө толуп калган. Имараттын шыбы тез күйө турган материалдан болгонун ИИМ башчысы билдирген.

Түндүк Македониянын премьер-министри Христиан Мицкоски Фейсбук баракчасында “Ушунча жаш адамдардын өлүмүнүн орду толбойт, аларды жоготкон үй-бүлөлөрдүн, достордун, сүйүктүү адамдардын кайгысы ат көтөргүс” деп жазган. “Бардык компетенттүү органдарга – саламаттык сактоо, тиешелүү бийлик органдарына жабыр тарткандарга жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көмөк көрсөтүү үчүн зарыл чараларды тезинен көрүүгө чакырам” деп жазган.

Кочани шаары өлкөнүн борбору Скопье шаарынан 100 чакырымдай чыгышта жайгашкан, анда 30 миңдей адам жашайт.  

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты