Бишкекте ЦУМдун жанындагы фонтандар калыбына келтирилет
- 2 месяца мурун
Бишкектеги ЦУМдун жанындагы фонтан аймагы калыбына келтирилип, учурда курулуп жаткан темир имарат бузулат.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык кызматтарга тапшырма берди. Мэр 19-февралда жеринде болгон текшерүү учурунда билдиргендей, объект бекитилген алдын ала долбоорго туура келбейт.
«Эгер жакшыраак жасап же долбоорго ылайык кура албасаңар, анда фонтан аймагын кайтаргыла» деди мэр.

Сүрөттөр: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




