Бишкек мэриясы: Эмен багындагы фонтан алынбайт, жаңыланат

  • 8 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Эмен багындагы  фонтанды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, үч чөйчөк жана үч колонна үчүн бардык армокаркастар даярдалды. Кийинки монолиттик бетондоо иштерин жүргүзүү үчүн опалубканы орнотуу иштери уланууда.

Жогорку чөйчөк толугу менен куюлуп бүттү, калган чөйчөктөр түздөн-түз ордунда куюлат. Бардык армокаркастар жана опалубкалар толук даяр.

Учурда бетон негиздери куюу иштери аткарылууда, андан кийин каркасты орнотуу жана арматура байлоо иштери пландалган. Ушул айдын ичинде котлованды кайра жабуу жана фонтандын жогорку бөлүгүн монтаждоо каралган.

Фонтандын тарыхый бөлүгү сакталып, «Тазалык» муниципалдык ишканасына сактоого өткөрүлүп берилди.

Социалдык тармактарда Эмен багындагы фонтан алынып жаткандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланууда.

Бишкек мэриясы: Эмен багындагы фонтан алынбайт, жаңыланат

Баш сүрөт: bishkek.gov.kg

Сүрөт: Мурдагы көрүнүшү. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты