«Аска-Таш» мемориалдык комплексиндеги фонтандар оңдолууда  

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Фучик көчөсүндө жайгашкан «Аска-Таш» мемориалдык комплексиндеги фонтандарды оңдоо жана аймагын көрктөндүрүү иштери уланууда.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Аталган иштер Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Долбоордун алкагында фонтандарга комплекстүү оңдоо жүргүзүлүп, ички жана тышкы инженердик тармактар толугу менен алмаштырылууда. Ошону менен катар аймакты көрктөндүрүү иштери аткарылып, таман таш төшөө, автоматтык сугаруу системасынын түтүктөрүн орнотуу жана башка курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштерин «Гранд Про» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты