Төө-Ашууда өрт кырсыгында жардамга келген милиция кызматкерлери Дилмурат Шамшиев жана Орозмат Акуналиев көз жумду

  • 6 месяцев мурун

Бишкек-Ош жолунда бензин ташыган унаа күйүп жатканда өтүп баратып, жардамга келген милиция кызматкерлеринин экинчиси да, Орозмат Акуналиев көз жумду.

Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

27-октябрда, саат болжол менен 15:30дарда Бишкек-Ош жолунун 96-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа кулап кетип, күйө баштаган. Иш сапары менен жолдон өтүп бара жаткан «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү автоунаада Кызыл-Кыя райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны, 30 жаштагы Орозмат Акуналиев менен ошол эле ИИБддин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери, милициянын майору 41 жаштагы Дилмурат Шамшиев бензин ташыган унаанын айдоочусун өрттөн куткаруу үчүн токтоп, жардам берип жатып, алар да өрттөн жабыркап, ооруканага жеткирилген. 1-ноябрда Дилмурат Шамшиев алган жаракаттарынан улам каза болуп калган.

Өрт кырсыгына жардам берем деп ажал тапкан Дилмурат Шамшиев үч баланын атасы. 1982-жылы 16-февралда Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ал Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына 24 жашында кабыл алынып, коомдук коопсуздук кызматында, андан кийин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматында эмгектенип, акыркы мезгилдерде кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызмат өтөп келген. Ал үй-бүлөлүү, үч баланын атасы болгон.

Орозмат Акуналиев Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү болуп иштеген. Орозмат Акуналиев 1993-жылы 12-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында туулган. Эргеш Алиев атындагы академиянын бүтүрүүчүсү. Өзгөн жана Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүндө, Ош облустук ички иштер башкармалыгында кызмат өтөп, 2021-жылдан бери Ноокат райондук ИИБдин тергөөчүсү болуп иштеп жаткан. Анын артында эки уулу жана кызы калды

Жолдогу кырсыкка кайдыгер карабай жардамга келип, ал окуядан кийин өмүрү менен коштошкон милиция кызматкерлери Дилмурат Шамшиев 1-ноябрда каза тапкан, экинчиси, Орозмат Акуналиев да оор жаракаттарынан кийин көз жумуп отурат.

ИИМ жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү жана жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлери эр жүрөк милиция кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты