Сыргак Бердикожоев Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы болуп дайындалды

  • 6 месяцев мурун

Бердикожоев Сыргак Кадырович президентке караштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын базасында президентке караштуу Мамлекеттик күзөт кызматын түзүү жарлыгы чыкты.  

Мамлекеттик күзөт кызматы – президентке түздөн-түз баш ийген жана отчет берген атайын мамлекеттик орган, ал Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына кирет жана кайтарылуучу адамдардын жана объекттердин коопсуздугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген компетенциянын чектеринде камсыз кылуу боюнча күзөт иш-чараларын жүргүзөт.

Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасын президент дайындайт жана кызматынан бошотот;

Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басарларын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын сунушу боюнча президенти дайындайт жана кызматынан бошотот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты