Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болот
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын базасында президентке караштуу Мамлекеттик күзөт кызматыy түзүү жарлыгы чыкты.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мамлекеттик күзөт кызматы – президентке түздөн-түз баш ийген жана отчет берген атайын мамлекеттик орган, ал Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына кирет жана кайтарылуучу адамдардын жана объекттердин коопсуздугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген компетенциянын чектеринде камсыз кылуу боюнча күзөт иш-чараларын жүргүзөт.
Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасын президент дайындайт жана кызматынан бошотот;
Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басарларын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын сунушу боюнча президенти дайындайт жана кызматынан бошотот.
Сүрөт: president.kg




