Сыйлык алгандардын арасында Камчыбек Ташиевдин бир тууганы жана башка депутаттар, аткаминерлер бар

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 28-декабрда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.  

“Мезгил жаңы милдеттерди тагып, жаңы талаптарды коюп жаткан учурда өлкөнү ырааттуу өнүгүү жолуна салууга сыйлык алган жарандарыбыздын салымы зор” деп белгиледи президент Жапаров.  

Мамлекеттик жогорку сыйлыкка татыктуу болгондордун арасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты — Шайырбек Ташиев “Даңк” медалы менен, ЖК депутаттары Улукбек Ормонов “Даңк” ордени менен, Айтмамат Масабиров “Данакер” ордени менен сыйланды. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун губернатору Эмил Абдыкадыров, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков «Даңк» ордени менен, мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, коомдук ишмер Бакирдин Субанбеков 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

“Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардактуу наам белгилүү киноактер Догдурбек Кыдыралиевге, Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти Айша Базарбаевага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамына А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жогорку категориядагы опера солисти Сталбек Жунушалиевге ыйгарылды.  

90 жашка таяп калган, мурда мугалим болуп иштеген  Бүкөн Султанбекова “Даңк” медалы менен сыйланды. .

“Даңк” медалы менен сыйлангандардын катарындагы «Жагалмай» жоопкерчилиги чектелген коомунун автогрейдер машинисти, жети облуста жол куруу боюнча көлөмдөгү иштерди аткарып, ийгиликтерге жетишкен Бактыяр Нурматов, Кыргызгеология мамлекеттик ишканасынын геофизика башкармалыгынын отряд башчысы, өлкөнүн жер алдындагы сууларын изилдөөдө заманбап ыкмаларды киргизүүгө жигердүү катышкан Александр Харламов бар.

Ак-Талаа районунун жалпы дарыгердик практика борборунун көз врачы Букен Турдубекова, Кызыл-Кыя шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборунун кеңеш берүү бөлүмүнүн дарыгер травматологу Абдукарим Эгемкулов сыйланды, ал эми Тоң районунун Кара-Талаа айылынан врач Канымжан Абышова, Ысык-Көл облустук бириккен оорукананын врач-хирургу Шергазы Ибраев, Балыкчы шаардык ооруканасынан Садат Давлетова “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” наамына ээ болушту.

Сыйлык алгандардын толук тизмеси бул шилтемеде

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты