Свердлов районунун жаңы акими Капарбек Адиевге бир катар милдеттер коюлду   

  • 2 месяца мурун

Адиев Капарбек борбор шаардын Свердлов районунун акими болуп дайындалды.

Буга чейин ал Чүй облусунун Сокулук районунун башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаңы акимге районду өнүктүрүүгө багытталган бир катар милдеттерди койду. Айрыкча, базарларга, тротуарларды курууга жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Буга чейинки аким Кубанычбек Айтакунов кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.

Сүрөттө: Капарбек Адиев. Мэриянын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты