Сузакта өз кызын зордуктаган киши өмүрүнүн аягына чейин соттолду

  • 11 месяцев мурун

Сузакта өз кызын зордуктап жүргөн деген айып менен кармалган киши өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды.

Мындай өкүм бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунда чыкканын «Азаттыкка» жабыркаган тараптын адвокаты Мунара Акылбекова билдирди.

Анын айтымында, сот айыпталуучуга коюлган киненин баары далилденди деп чечти.

«Тергөө учурунда 42 эпизод боюнча айыбы угузулган – кылмыш-жаза кодексинин 154 жана 155-беренелеринин баары менен күнөөлүү деп табылды. Ар бири боюнча 15 жыл деп эсептеп, бардык кылмыштарды биротоло кошкондо өмүрүнүн аягына чейин деген жаза берди» деди адвокат.

43 жаштагы жергиликтүү тургун 19 жаштагы кызын жети жашынан бери зордуктап жүргөн деп шек саналып кармалганын райондук милиция быйыл 28-мартта билдирген.

Азырынча айыпталган тарап эч кандай комментарий бере элек.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган жашы жете элек балдарга байланыштуу 52 кылмыш иши козголуп, алардын бирөө тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган. Мындан тышкары үч иш кылмыш жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турса, 34ү сотко өтүп, тогузу тергелип жатат.

Көз каранды эмес изилдөөлөрдүн жыйынтыгында аныкталгандай, зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен балдардын окуясынын 60% жабык бойдон кала берет, себеби алар кимге, кайсы жакка кайрылууну билишпейт, айрымдары мамлекеттик органдарга ишенбейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты