Сузакта селден жабыркаган 8 үй-бүлөгө үй курулууда

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара- Дарыя айылында селден жабыркаган сегиз үй- бүлөгө үй курулууда.

Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуп жаткан объекттер менен Сузак районунун башчысы Баратбек Сыдыкназаров таанышып чыкты.

Мамлекеттик бюджет 8 үйдү куруу үчүн 5 млн 600 миң сом бөлгөн. Бул саамалык үчүн облус боюнча мамлекеттик кызматкерлердин бир күндүк айлык маяналарын дагы чогултулуп ,колдонулууда.

Сүрөт: Райадминистрациянын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты