Сузакта мыйзамсыз миграция уюштурган  жаран кармалды  

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облустун ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында  Сузак районунда 1996-жылы туулган  Д.И. өзүнө таандык эки наавайканада Өзбекстандын 1978-жылы туулган Р.М.жана 1980-жылы туулган А.Б. аттуу жарандарын уруксат кагазы жок иштөөсүнө жана жашоосуна шарт түзүп берип, мыйзамсыз миграция уюштуруп жаткандыгы аныкталган.

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Д.И. телефон аркылуу Өзбекстандын жарандары менен сүйлөшүп, аларды чакырып, күнүнө 600 сомдон төлөп, оозеки келишим түзүп, наабайканада иштетип жүргөндүгү жана салык кызматынан иштөөгө уруксат патентин алган эместиги аныкталган.

Иш берүүчүгө укук бузуулар кодексинин 93-беренесине (Чет өлкөлүк жумушчу күчтү Кыргыз Республикасына тартуу жана пайдалануу эрежелин бузуу) ылайык 20 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ал эми Өзбекстан жарандарына Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 94-беренесинин (Чек ара эмгек мигранты тарабынан Кыргыз Республикасында эмгек ишин жүзөгө ашыруунун эрежелеринин бузулушу) негизинде ар бирине 10 000 сомдон айып пул салынган.

Сузакта мыйзамсыз миграция уюштурган  жаран кармалды  

Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты