Сузакта “Йакын инкар” диний-экстремисттик агым мүчөлүгүнө шектелген алты киши кармалды

  • 8 месяцев мурун

28-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын мүчөлүгүнө шектүү алты киши кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Алар 1972-жылы туулган Т.Т.Ж., 1983-жылы туулган А.М.М., 1983-жылы туулган У.Э.Э., 1986-жылы туулган С.Ш.А., 1988-ж.т. С.О.М. жана 1991-жылы туулган С.Б.С. кармалды.

Алар кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо”) боюнча кылмыш козголду.

Аталган ячейканын мүчөлөрү Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны жайылтуу жана таратуу боюнча иш алып барышып, КМДБдан тиешелүү уруксат албастан миссионердик иштерди жүргүзүп келишкени аныкталган. Ошондой эле, диний көз караштардан улам, алар светтик жашоону чанып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн өтүүгө жана башка медициналык процедураларга тыюу салышкан.

Бул адамдардын жашаган даректеринде тинтүүнүн натыйжасында “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымына тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар табылып, алынган материалдардын негизинде соттук-диний экспертиза дайындалды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип,тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөттөр УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты