Сузакта иш-чарада жабыркоо: 21 кызматкерге тартип жоопкерчилиги, алтоону кызматтан бошотуу сунушталды

  • 2 месяца мурун

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуу жайында “Урааным – Манас!” аттуу маданий иш-чара учурунда токтоп турган «Портер» унаасы жүрүп кетип, окуучулар кырсыктаган окуянын себептерин иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат берди.

Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунда бул иш-чаранын уюштуруучулары катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрбөгөндүгү белгиленген.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери “Урааным – Манас!” сынагын өткөрүүнүн конкреттүү датасы жөнүндө кабардар болгон эместиги сыяктуу айрым фактылар белгиленген.

Иш-чараны уюштуруу маселелери 1-5-майга чейин расмий эс алуу күндөрү болгону үчүн татаалдашкан. Мындан тышкары, Сузак райондук мамлекеттик администрациясы акциянын датасы тууралуу чечимди үстүртөн — телефон аркылуу тараткан.

Иш-чарага райондогу 2878 окуучу жана 18 мектептин 341 мугалими катышкан. Ошол эле учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында эки гана жол коопсуздугун камсыздоо инспектору тартылган.

Окуянын чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссия бардыгы болуп тартиптик жоопкерчиликке 21 кызматкерди тартууга, анын ичинен 6 адам кызматынан бошотууга көрсөтүлдү.

Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында 2-майда саат 11:30дар чамасында Манас айтуу боюнча райондук деңгээлде окуучулар арасында флешмоб уюштурулуп жатканда «Портер» үлгүсүндөгү унаа ордунан жылып кеткен окуяга байланыштуу кырсык катталган.

2-майдагы саат 19:30 карата акыркы маалыматтарга ылайык, жардам сурап жалпы кайрылгандардын саны 32 адамды түздү. Анын ичинен 3 бейтап Сузак аймактык ооруканасына жаткырылды, 4 жабырлануучу Октябрь ооруканасында калтырылды, 10 бейтап Жалал-Абад балдар ооруканасына которулду, калган жабыркагандар амбулаториялык дарыланууга жиберилди.

Шектүү катары Сузак районунун тургуну 1976-жылы туулган Ж.Б. суралып, кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан кийин айдоочу үй камагына чыгарылган.

Жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү максатында унаанын тебелеп кетүүсүнөн жабыркаган балдар атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Жабыркаган балдар шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты