Сузакта окуучуларды коюп кеткен автоунаанын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди
- 3 месяца мурун
Сузакта окуучуларды коюп кеткен автоунаанын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган факты боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 02.05.2024-жылы Кыргыз Республикасынын КЖКнын 312-берененин 2-бөлүгү боюнча (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) кылмыш иши козголуп, тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалар берилип, жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Тергөө амалдары жүрүгүзүүдө шектүү катары Сузак районунун тургуну 1976-жылы туулган Ж.Б. суралып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-берене негизинде Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.