Сузакта чайканадагы өрттүн кесепетинен эки киши көз жумду  

  • 11 месяцев мурун

Сузак районуна караштуу Ленин айыл аймагынын “Винсовхоз” айылында Нураков №1 көчөсүндө жалпы аянты 308 чарчы метр келген чайканадан өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө саат 02:01 тамактануучу жай күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 02:25те чектөөгө алынып, саат 05:10 өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар тарабынан 1964-жылы туулган Ж.Т. жана 1936-жылы туулган Т.П. нын сөөгү күйгөн аймактан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты