Сузак шайлоо округу: Шайлоочулардын 7,92 пайызы добуш берди
- 2 недели мурун
Бүгүн, 22-сентябрда, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү жүрүп жатат.
Саат 14:00гө карата шайлоочулардын 7,92 пайызы добуш берди. Шайлоочулардын жалпы саны -124 429, добуш бергендердин саны -9851 киши. Бул тууралуу БШК билдирди.
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоого 7 талапкер катышууда (6 эркек, 1 аял). Алар — Юлия Лилиенталь, Бейшенбек Бегматов, Мелисбек Кошалиев, Алтынбек Кылычбаев, Асилбек Арапбаев, Жыргалбек Сейдахматов жана Медербек Сапарбаев.
Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.
19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.
Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген. Тазабек Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген.
Сүрөт: newess.shailoo.gov.kg алынды