Суусамыр – Талас — Тараз унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилди
- 2 месяца мурун
Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 60-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн саат 11:00дөн тартып убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Мындай чечим “Өтмөк” ашуусунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.
Аталган унаа жолдо тыгындарын болтурбоо жана абалды байкоо максатында ӨКМдин Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ «Өтмөк» ашуусуна чыгып кетти.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү