Суусамыр суусунан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды
- 2 года мурун
21-июлда Суусамыр өрөөнүнүн Суусамыр суусуна балык уулоого чыккан 1981-ж.т. С.М. аттуу эркек киши түшүп кеткен. 22-июлда анын сөөгү табылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
22-июль күнү издөө иштерин улантууга өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) 9 куткаруучусу, 5и суучул, Жайыл районунан 5 куткаруучу 1 дрон жалпы 14 куткаруучу тартылган.
Издөө ишинин натыйжасында саат 13:30 чамасында аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Маалыматтарга караганда ал жарандын аты-жөнү – Махмут Сусузов, 21-июлда балык улоого барып, ошондон бери байланышка чыкпай жаткан.
Сүрөттө: Махмут Сусуза. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




