Сууктан улам жана унаа бузулуп, кыргызстандыктар Казакстанда оор абалда калды. Министрликтин билдирүүсү

  • 5 месяцев мурун

Парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков аба ырайынын оор шарттарынан жана автомобиль техникасынын бузулганынан Казакстанда оор кырдаалга кабылган Кыргызстандын жарандары тууралуу берген маалыматка карата Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

ТИМ маалыматында айтылгандай, Алматы шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулдугу тарабынан аталган жарандар менен байланыш түзүлдү. Жеринде зарыл жардам көрсөтүү үчүн башкы консул мекендештер турган жерге жөнөп кетти.

Алынган маалымат боюнча, кыргызстандыктар “Хоргос” эл аралык борборунун жанындагы жылытуу пунктунда турушат. Азыркы учурга 90 жарандын ичинен 40 жаран Кыргызстанга кетти.

Министрлик башкы консулдук менен бирге калган мекендештерди ташуу маселесин иштеп чыгууда жана бардык зарыл чараларды көрүүдө https://interesnoznat.com/interesno/kak-mozhno-izbavitsya-ot-varikoza-bez-operacii.html.

Министрлик “Алматы-Бишкек” жолундагы Кордай ашуусу аркылуу өткөн автотранспорт кыймылы жабылгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жарандарына сапарларын аба ырайынын шарттарын эске алуу менен пландаштырууну сунуштайт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты