Сууга аккан баланы аман сактап калган жол сакчысы сыйланды

  • 2 года мурун

8-октябрь күнү саат 10:30 чамасында Баткен шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча жол
кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн башчысы Аскар Токоев жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп жүрүп, каналда агып  бараткан жаш баланы көрүп калган. Ошол замат  сууга түшүп, агып бара жаткан баланы суудап алып чыгып, өмүрүн  сактап  калган.

Милициянын майору Аскар Токоевди Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ыраазычылыгын билдирип, “Баткен облусуна — 20 жыл”  медалын тапшырды.

Бул тууралуу Баткен облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Баткен ИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты