Суу чарба жана энергетика боюнча кыргыз-тажик макулдашуусу мыйзамына кол коюлду

  • 4 месяца мурун

Садыр Жапаров “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Тажикстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуу эки мамлекеттердин аймагында жайгашкан чарбалык жана энергетикалык объекттерге аларды пайдалануу максатында тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылууну карайт.

Ошол эле учурда үч дарбазасы бар башкы плотинаны жана Ак-Татыр/Мачои каналынын башкы суу алуучу курулмасын биргелешип иштетүү сунушталууда.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты