Сурабалдиева ЖКнын эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрайымы болду
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 19-февралда, Жогорку Кеңештин (ЖК) жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына «Адилет Кыргызстан» жана «Элдик» депутаттык топтору депутат Эльвира Сурабалдиеванын талапкерлигин көрсөтүштү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




