Сурабалдиева жарык маал-маалы менен өчүрүлгөндө күйүп кеткен муздаткычтарга компенсация төлөнбөгөнүн айтты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов баяндама жасап жатат.

Анда депутат Эльвира Сурабалдиева министрдин орун басарына Кыргызстанда электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жатабы деп суроо берди.

«Мен билгенден электр жарыгы өчүрүлгөн жок», — деп жооп берди Урмат Шамырканов.

«Электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү болгон жок» деп сиз элди алдабаңыз, жарык өчүп жатат. Электр жарыгы өчүп муздаткычтар, турмуш-тиричилик техникалар күйүп кетип жатканда мамлекет тарабынан бир дагы компенсация болгон жок», — деди Сурабалдиева.

Министрдин орун басары бул суроо боюнча жооп бере турган тийиштүү органдар бар экенин айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты