Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болду

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун баш катчысы болуп бекиди.

Бул тууралуу маланият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз борбору билдирди.  

Мындай чечим 31-мартта Түркиянын Бурса шаарында өткөн Түрксой уюумунун кезексиз жыйынында белгилүү болду.

Султан Раевдин талапкерлиги Тюрксой уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин чечими менен бекиди.

Буга чейин бул кызматты Казак Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, мурдагы Казакстан Республикасынын маданият министри Дүйсен Касеинов аркалап келген.

Сүрөттө: Султан Раев (ортодо). Министрликтин басма сөз борбору

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты